Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 02:27

Аскерде бир жоокер каза тапты


Бүгүн Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 11-январда Ош чек ара отрядында кызмат өтөп жаткан жоокер каза тапты. Ал өзүн-өзү асынып алган деп айтылууда. Аталган жоокер аскерге өткөн жылы күздө чакырылган. Окуяны Аскер прокуратурасынын Ош шаардык гарнизону иликтеп жатат.

Кыргыз армиясында жоокерлердин өз өмүрүн кыюусу тез-тез кайталанып турат. Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2014-жылы армияда 12 аскер кызматкери каза болсо, анын ичинен жетөө өз жанын кыйган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG