Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Султанов Баткендеги жолдордун курулушу боюнча Атамбаевге маалымат берди


Президент Алмазбек Атамбаев Унаа жана байланыш министри Калыкбек Султановду кабыл алып, өлкөдө курулуп жаткан жолдор боюнча маселени талкуулады. Министр Султанов Баткендеги Көк-Таш-Аксай-Тамдык-Кишемиш жана Аксай-Рават жолдорунун курулушу тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле стратегиялык мааниге ээ Ош-Баткен-Исфана жолун калыбына келтирүү иштери жана Лейлек районундагы көпүрөлөрдүн курулушу кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде Атамбаев министрге курулушу ушул жылга белгиленген жолдорду убагында жана сапаттуу бүткөрүү тапшырмасын берди. Өлкө башчысы түндүк менен түштүктү бириктирген Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативалык жолунун курулушуна да өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин баса белгилеген.(UEz)

XS
SM
MD
LG