Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

АКШ мамкатчысы Жон Керри ушу жумада Парижге барат


Керри 12-январда Индиядагы сапары маалында айткандай, ал Парижде 15-16-январда болот жана сапары учурунда АКШнын эң эски союздашы менен тилектеш экенин ырастап келет. Президент Обаманын администрациясы 11-январда Парижде терроризмге каршы өткөн жүрүшкө өкмөттүн даражалуу мүчөсүн жөнөтпөгөнү үчүн сындалууда. Береги демонстрацияга 1 миллиондон ашык адам, ошондой эле 40 чакты өлкөнүн лидерлери катышты. Жөө жүрүш 7-9-январь күндөрү исламчыл согушчандардын чабуулунан 17 адам өлгөндөн улам уюштурулду.

Жон Керри Парижде Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен экстремизмге каршы күрөштүн жолдорун талкуулайт жана кандуу калабада өлгөндөргө ызаат көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG