Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Берлинде Украинадагы кризис талкууланат


Бүгүн (12-январь) Украина, Орусия, Германия, Франциянын тышкы иштер министрлери Украинадагы чатак тууралуу сүйлөшөт. Берлин кездешүүсү береги төрт мамлекеттин лидерлеринин үстүбүздөгү жумада Астанада болот деп мерчемделген жыйынынын алдында өтүүдө. Бирок 10-январда Германия канцлери Ангела Меркель Орусия лидери Владимир Путинге Чыгыш Украинада урушту токтотуу боюнча былтыр 5-сентябрда Минскиде жетишилген келишимди аткарууда реалдуу жылыштар болмоюн, Астана саммити болбойт деп эскерткен. Ушундай эле шартты Франциянын президенти Франсуа Олланд да айткан. Орусия да Астанадагы саммит болбой калышы ыктымал экенин билдирди. 12-январда “Ведомости” гезити Путиндин өкүлү Дмитрий Песковдун “Даярдык жүрүүдө...биздин болочок аракетибиз анын жыйынтыгына жараша болот” деген сөзүн басты.

Апрелден бери Чыгыш Украинада жүрүп жаткан согушта 4700дөн көп адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG