Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Президент Назарбаевдин экс-кудасы көз жумду


(Солдон оңго) Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева (Алиевдердин үй-бүлөлүк архивинен)
(Солдон оңго) Мухтар Алиев, Нурсултан Назарбаев, Рахат Алиев жана Сара Назарбаева (Алиевдердин үй-бүлөлүк архивинен)

12-январда президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кудасы Мухтар Алиев 81 жашында дүйнө салды. Белгилүү дарыгер, академик Мухтар Алиев Казакстандын лидеринин улуу кызы Дариганын мурдагы кайын атасы. Мухтар Алиевдин уулу, Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиев былтыр июндан бери Австрияда камакта отурат.

Казакстан 2007-жылы эки банкирди уурдап өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелген Рахат Алиевди Австриядан өткөрүп алууга аракет жасоодо. Рахат Алиев өзүн акмын деп, ал саясий жүйөөдөн улам айыпталып жатканын айтып келет.

Австрия Казакстанда сот адилетсиз болот деп, Алиевди экстрадициялоо боюнча Астананын өтүнүчүн эки жолу канааттандырган эмес.

Рахат Алиев ага каршы адеп кылмыш иши козголгон 2007-жылы Казакстандын Венедагы элчиси болчу жана кайын атасынын саясатын ачык сындай баштаган.

Казакстандын Эл баатыры Мухтар Алиев ошо тушта Австрияга кетип, бирок 2009-жылы “үй камагындагы байбичеме жардам керек” деп, Казакстанга кайра келген.

XS
SM
MD
LG