Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:58

Турсунбеков: Парламент Жапаровдун китеби боюнча прокуратуранын маалыматын угуш керек


Башкы прокуратура экс-депутат Садыр Жапаровдун китеби боюнча Жогорку Кеңешке маалымат бериши керек. Мындай оюн КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, аталган китептеги маалыматтарды прокуратура текшериши керек.

- Менин билишимче прокуратура аталган маалыматтарды текшерип жатат. Эгер башка депутаттар бул маселени көтөрбөсө, мен жеке өзүм Башкы прокуратуранын маалымат беришин талап кылам,- деди Турсунбеков.

Учурда Варшавада жүргөн Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китеп чыгарып, анда бийликтеги таасирдүү адамдардын иштерин жазган. Бирок китепте аты аталган саясатчылардын көбү чындыкка коошпогон маалыматтар деп, Жапаровдун жазгандарын төгүндөөдө. (JsO/UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG