Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Өкмөт Ата-Бейит сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиевага акчалай жардам берди


Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жер жөнүндө алгачкы маалыматтарды берип, бирок мамлекеттен олуттуу жардам албаган Бүбүйра Кыдыралиевага өкмөттүн атынан вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева элүү миң сом жардам берди.

Кыдыралиева президентке чейин жардам сурап кайрылып, бирок майнап чыкпаганын айтып келген. Буга чейин парламент төрагасы 50 миң сом жардам берген.

77 жыл мурун Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашуун чыгаан инсаны совет бийлиги тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн. Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган.

Бүбүйра Кыдыралиеванын бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1991-жылы ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү табылган. Ал жер Ата-Бейит мемориалдык комплекси болуп кайра түзүлгөн.

Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Кыдыралиевага Эрдик медалы берилген. Учурда ал багып алган кызынын үйүндө жашайт. Көптөн бери бир бөлмөлүү болсо да жатакана сурап, бийликке кайрылып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG