Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн курамы жарыяланды


Президент Ашраф Ганинин администрация башчысы Абдул Салам Рахими 12-январда Кабулдагы салтанатта жарыялагандай, өкмөттүн 25 мүчөсүнүн үчөө аялдар. “Биримдик өкмөтүндө” аялдар Жогорку билим берүү, Маалымат жана маданият, ошондой эле Аялдардын иштери боюнча министрликтерди жетектейт.

Ашраф Гани жана премьер-министр Абдулла Абдулла жаңы өкмөттү түзүүгө үч айдан ашык убакыт коротушту. Министрлердин дайындалбай жатышы бирдиктүү өкмөт түзүлбөй жатып кыйрайт деген кооптонууну күчөткөн.

Абдулла Абдулла эки айлампа менен өткөн талаштуу президенттик шайлоодо Ашраф Ганиге негизги атаандаш болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG