Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Ноокенде 10-класстын окуучулары кино тартышты


Райондун Арал айылындагы №6 орто мектептин 10-классынын окуучулары “Акыркы үмүт” аталышындагы тасма тартышты. Бул тууралуу мектеп окуучусу жана тасманы жаратуучулардын бири Эсенбай Маматкулов “Азаттыкка” билдирди.

- Бир саатка жакын убакытты камтыган тасмада мектеп рэкетчилиги, жаштар арасындагы миграция жана өз жанын кыюулардын кесепеттери чагылдырылган, - деди Маматкулов.

Окуучулар тасманы эки айда тартышып, өздөрү жасалгалашкан. Фильмди Жаңы жыл алдында айылдаштарына тартуулашкан, эми аны кыдырып, башка мектептерге да көрсөтүүнү максат кылышууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG