Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Запкы көргөн наристе комада жатат


Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 10-январь түнү оор жаракаттары менен эки жаштагы бала түштү.

Анын алган жаракаттарын караган дарыгерлер эки жаштагы бул эркек бала бир нече күн бою запкы көргөнүн жана cексуалдык зордуктоонун белгилери да байкалып турганын айтышууда.

Баланы өзүн “атасымын” деген белгисиз адам Аламүдүн районуна караштуу Озерное айылынан алып келгенин айтып, Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына таштап кеткен. Дарыгерлердин айтымында, азыр наристе оор абалда комада жатат. Ата-энеси тууралуу азырынча маалымат жок жана учурда баланын жакындарынан да эч ким келген эмес. Ошол түнү ооруканада нөөмөттө туруп, баланы кабыл алган Бакыт аттуу дарыгер “Азаттыкка” буларды айтып берди.

- Бизге ал бала түндө келген. Анан врачтардын баары чогулуп, баланы көрдүк. Эртең менен да баланы кайра текшерип, милиция чакырдык. Бул жерде анын зордукталганынын бардык белгилери болгону менен, соттук-медициналык териштирүү жыйынтыгын чыгармайынча, же ата-энеси укук коргоо органдарына арыз менен кайрылбаса, биз жөн эле баланы зордукталды деп айта албайбыз. Бирок балада зордук-зомбулуктун белгилери толук бар. Эгерде ата-энеси келип, мына ушундай болду деп, фактыларды айтса болот. Азыр эми бул баланын атасы да, энеси да жок. Бул бир күндүн ичинде алган жаракаттарга окшобойт. Себеби көп жеринде көк-ала болгон жаңы тактары да, айыгып бара жаткан эскилери дагы бар. Балким бир аптадан бери болгонбу, белгисиз.

Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасы
Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасы

​Бул кичинекей наристенин окуясы боюнча укук коргоо органдары да териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн атын атагысы келбеген кызматкери иликтөө иштери аяктамайынча расмий маалымат берилбестигин айтып, бирок азыркы учурда ооруканада жаткан баланын акыбалы оор экенин кошумчалады. ​

- Баланын атасы такай арак иччү экен. Апасы жок. Бир тууган агасына баласын таштап кеткен. Бала 2013-жылы төрөлгөн экен. Бизге балдардын ооруканасынан анын диагноздору келди. Ал боюнча башынан көптөгөн катуу жаракат алган, буту-колунда да көп жаралар бар. Баланын атасынын агасынан сурасак, "ооба, чындап эле мага иним даабатка кетип жатып, ноябрдын башында таштап кеткен болчу" деп жазып жатат.

Эки жашар наристенин энесинен али кабар жок. Укук коргоо органдары баланын жакындарынын маалыматына таянып, ата-энеси ажырашып кеткенин билдиришти.

Оор акыбалдагы бөбөктүн абалы тууралуу маалыматтарды дүйшөмбү күнү эртең менен Балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын дарыгерлери Балдардын укугун коргоо лигасына да жөнөткөн. Аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекова бул ишти жөн калтырбай, акырына чейин иликтейбиз дейт:

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

- Толугу менен азыр айта албайбыз, себеби бул божомолдонгон маалымат болуп жатпайбы. Бул Аламүдүн районунда болгон окуя. Ар кайсы жеринен, коркунучтуу жаракаттарды алган. Врачтар да айтып жатышат, иш тажрыйбабызда мындайды көргөн эмеспиз дешип. Ден соолугуна чоң зыян алып келген зордук-зомубулукка учураптыр бала. Бул ишти биз юристке тапшырдык. Толугу менен иликтөөгө алып, баланын укугун коргоону колго алабыз, ал ким тарабынан, качан, кантип зомбулукка кабылганын иликтеп чыгабыз.

Укук коргоочу уюмдун кызматкерлери ооруканага барып, баланы көрө алышкан эмес. Себеби азыр ал жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Укук коргоочулардын айтымында, акыркы мезгилде наристелердин коопсуздугу курч маселеге айланды. Адистер мунун башкы себебин миграция менен аракечтиктен көрүшөт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG