Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:52

Шинжаңда террорчу деп шектелген алты жаран жок кылынды


Кытайдын батышындагы Шинжаң регионунда полиция бомба чабуулун мерчемдөөдө деп шектелген алты адамды атып өлтүрдү. Шинжаңдын өкмөттүк Тяншан жаңылыктар сайтынын 12-январда маалымдашынча, Шуле шаарчасында балтачан адам полицияга айбат кылып, бомбаны жардырмакчы болгондо атып өлтүрүлгөн.

Бомбасы бар деп шектелген башка беш адам “тазалоо операциясы” маалында атып өлтүрүлгөнү айтылат сайтта. Өлгөндөрдүн аты жөнү маалымдалбады.

Ырасмий маалымат боюнча, полиция акыркы эки жылда Шинжаң регионундагы калабада 400дөн көп согушчанды жок кылган. Алардын көбү уйгурлар. Бул регионго кирүү эрежеси катаал болгондуктан, көз карандысыз булактардан маалымат алуу мүмкүн эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG