Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

№4 төрөтканада ымыркайлар атайын алмаштырылганы айтылууда


Бишкектеги №4 төрөтканада көз жарган эркек ымыркай оорукчан наристе кызга алмаштырылган. Бул тууралуу ымыркайдын атасы Кутман Мамадалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жубайы кош бойлуу кезинде УЗИ аппараты эркек ымыркай төрөлөрүн тастыктаган. Бирок врачтар жаш ата-энеге кыз төрөлдү деп, омурткасында кемтиги бар наристени карматышкан.

- Эркек төрөлөт деп врачтар өздөрү да айткан. Бирок башка ымыркайга алмаштырып коюшту. Жубайым төрөп жатканда сегиз дарыгер кирип алып, бири-бири менен көз кысышып, ымыркайды энесине көрсөтпөй алып чыгып кетишкен, - деди Мамадалиев.

Кутман Мамадалиевдин жубайы 22 жаштагы Айнагүл Имамназарова учурда ооруканада. Талаш жараткан ымыркай анын экинчи наристеси. Ал 9-январдын түнүндө көз жарган.

Бирок Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы акушер-врачы Раиса Асылбашева №4 төрөтканада ымыркайлар алмашылды деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, жаш эне эркек эмес, кыз бала төрөгөн. Бишкектин акушер-врачы УЗИ аппараты ымыркайдын жынысын жаңылыш көрсөткөнүн, төрөткана врачтары ымыркайдын алмашылбаганын ДНК анализ аркылуу тастыктоого даяр экенин айтып, ишендирүүдө.

№4 төрөтканада буга чейин да ымыркайларды алмаштыруу фактылары катталып, врачтар кызматтан алынган. Аталган төрөткана ымыркайлардын өлүмү көп катталат деп да коомчулукта сындалып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG