Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:37

60 адамды Сирияга жөнөткөн жаран сурак берип жатат


Бул тууралуу УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 21 жаштагы Оштун тургуну Стамбул аркылуу Сириядагы согушка 60 кыргыз жаранын өткөргөн деген шеке менен сурак берип жатат.

- Ал Стамбулдагы ижарага алынган үйгө кыргызстандыктарды топтоп, Сирияга кетчү каналдарга жеткирип турган. Өзүнүн айтуусунда 40 таанышын жана башка дагы 20 жаранды согушка жөнөткөн, - деди Сулайманов.

Маалыматка ылайык, шектелип жаткан жарандын атасы мурда күч түзүмдөрүндө иштеген жана баласын Стамбулдан өзү барып алып келген.

УКМКнын маалыматында, Сириядагы согушка кеткен кыргызстандыкдардын саны 200 чамалуу. Алардын айрымдары үй-бүлөсү менен чогуу кеткен. (UEz)

XS
SM
MD
LG