Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Путин Освенцимдин бошотулушунун 70 жылдыгына барбайт


Орус президенти Владимир Путин Польшадагы Освенцим шаарындагы Аушвиц-Биркенау концлагерин бошотуунун 70 жылдыгына карата 28-январда өтчү иш-чарага катышпайт. Бул тууралуу орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков “Интерфакс” агенттигине билдирген. Песковдун айтуусунда, Кремлге бул иш-чара боюнча чакыруу келген эмес.

Польшанын президентинин өкүлү бир апта мурун Владимир Путиндин бул иш-чарага катышаар-катышпасы белгисиз экенин билдирген.

Быйыл Освенцимдин бошотулушуна 66 жыл толгон. Нацисттердин ал лагери Холокосттун символуна айланган. Освенцимде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында бир миллиндой жөөт, миңдеген поляк, цыгандар жана советтик туткундар жок кылынган.

XS
SM
MD
LG