Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

Кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору Женевада каралат


Бул тууралуу салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалоого тыюу салган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорун демилгечилер Женевадагы парламенттер аралык союздун кароосуна жөнөтүшкөн.

- Мыйзамды Женевадагы союздун кароосуна жөнөткөнбүз. Алар адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарга шайкештигин карашат. Корутунду келээри менен парламентке экинчи окууга киргизебиз, - деди Курманбаев.

Бүгүн парламенттин Мыйзамдуулук боюнча комитети аталган мыйзам долбоорун кароону кийинкиге жылдырды. Буга Женевадагы парламенттер аралык союздун корутундусу келбегени себеп болгон. Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган бул мыйзам долбоорун эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар адам укуктарын чектейт деп каршылыгын билдирип келишет.

Аталган мыйзам кабыл алынып калса, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандарды алты айдан бир жылга чейинки абак жазасы күтөт. Аларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жактаган журналисттер да жазага тартылат. Мыйзам ошондой эле кумсалар бирикме түзүп, укугун коргошуна тыюу салат. (UEz)

XS
SM
MD
LG