Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Донецкте автобуска урулган соккудан алты адам мерт кетти


Украинанын чыгышындагы Донецк шаарындагы автобуска реката тийип, алты адам мерт кетти, дагы ондон ашыгы жараат алды. Окуя бүгүн түшкө маал Волноваха шаарынан алыс эмес жердеги көзөмөл өткөрүү пунктунда болгон. Автобус Мариупол шаарынан жөн-жай адамдарды алып келе жаткан. Ага “Град” ракетасы келип тийген.

Өздөрүн "элдик республика" жарыялап алган Донецктеги орусиячыл жикчилер бул соккуга тиешеси жоктугун айтып, окуя болгон жер алардын артиллериясынан тышкары аймак экенин билдирди.

Окуя Берлинде Украина, Орусия, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери жолуккан учурга дал келди. Ал жолугушууда аталган төрт өлкөнүн жетекчилеринин саммитин өткөрүүнүн жол-жобосу талкууланмак. Бирок сүйлөшүүлөрдө алар белгилүү бир жыйынтыкка жетишкен жок.

XS
SM
MD
LG