Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:51

Орус аскери армян үй-бүлөнү өлтүргөнүн мойнуна алды


Орус аскери Валерий Пермяков Армениянын Гүмри шаарындагы бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүн өлтүргөнүн мойнуна алды. Ал бул шаарда жайгашкан Орусиянын аскер базасында кызмат өтөп жүргөн. Азырынча эмне себептен мындай кылмышка барганы белгисиз.

Армениянын Башкы прокуратурасынан “Интерфакс” агенттигине билдиришкендей, кылмышка шектелген аскер армян укук коргоо органдарына берилбейт. Ал өз өлкөсүндө жоопкерчиликке тартылат.

12-январда Армениянын түндүгүндө бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн сөөктөрү өз үйүндө табылган. Алардын арасында эки жаштагы бала да бар. Ал эми алты айлык ымыркай оор абалда ооруканага жеткирилген. Үйдөн Валерий Пермяковго таандык бут кийим табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG