Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Өзбекстан: Гүлнаранын иши быйыл жабылабы?


Гүлнара Каримова үй камагында.
Гүлнара Каримова үй камагында.

Өзбекстанда президенттин кызы Гүлнара Каримовага байланышы бар делген ондогон киши соттолгону белгилүү болду. Ал эми үй камагында делген президенттин кызынын өзүнүн кылмыш иши сотко качан жетери анык эмес.

Байкоочулардын баамында, бул маселе быйыл жабылуу менен Каримова Өзбекстандын өзүндө акталышы эң көп дегенде символикалуу гана жаза алышы мүмкүн.

“Азаттыктын” өзбек кызматы өз булактарынан алган маалыматтарга караганда, түрдүү мөөнөттөргө соттолуп, эркинен ажыратылган алтымыштай адам - Ферганадагы мунай иштетүүчү, май чыгаруучу жана “Кубасай Кварц” заводдорунун директорлору, директор орун басарлары, бухгалтер – экономисттери.

2013-жылдын күзүнөн тарта камалгандардын үстүнөн сот иштери былтыр күздө башталган экен.

Ферганадан атын атабаган сот өкүлдөрүнүн бири орусиялык РИА -Новости кабар агенттигине соттолгондор бештен он беш жылга чейин кесилишкенин, айыпталган ишкана жетекчилери каржылык көз бойомочулукка барып, көзөмөлдөнбөгөн кирешени мыйзамсыз ыйгарып алганы жараяндын жүрүшүндө далилденгенин билдирген.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы буга чейин тараткан расмий маалымат боюнча, “Гүлнара Каримованын жетекчилиги астындагы уюшкан кылмыштуу топ” бир эле мунайды кайра иштетүүчү Фергана заводунан наркы “40,1 миллиард сумдук активдерди уурдап”, мыйзамсыз ыйгарып алган.

Гүлнара үй камагында. Сентябрь, 2014-жыл.
Гүлнара үй камагында. Сентябрь, 2014-жыл.

Башкы прокуратура ошондой эле Гүлнара Каримова да кирген кылмыштуу топ, “Узбекистан хаво йулларры” авиакомпаниясынын 5,5 миллиард сумдук активин, Coca-Cola ichimligi Uzbekistan LTD компаниясынын 11,9 миллиард сумун, башка ишканалар менен уюмдардан 102 миллиард сумдук активдерди алардын баасын атайылап төмөндөтүү жана башка ыкмалар аркылуу өзүнө уурдап жана ыйгарып алганын маалымдаган.

"Садага чабуулар"

Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов “Азаттык” менен маегинде Өзбекстандын сот-прокуратурасынын иши эл аралык стандарттардан ат чабым алыс турарын эске салуу менен буларга токтолду:

- Соттолду делгендер бирөөнүн буйругун аткардыбы же өз алдынча эле аракеттеништиби, баары бир мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок эгер бирөөнүн буйругун аткарышкан болсо, анда байланыштары канчалык узак кеткени, көрсөтмөнү кимден алышканы да аныкталышы абзел. Менимче, алар күнөөлөнгөн иштер бийликке, өкмөткө жакын адамдардын катышуусу жок аткарылмак эмес. Эгер картинанын ушул бөлүгү көмүскөдө калса, албетте, биз прокуратуранын маалыматтарына ишене албайбыз. Эгер соттолгондордун байланыштары ачыкталбаса, аларды бийликке жакын адамдардын кылмыштарын, каржылык көз бойомочулуктарын жашыруу үчүн садага чабылгандар деп койсок болот.

2013-жылы октябрда камалды дегендердин арасында Гүлнаранын бир тууган бөлөсү, Ферганадагы бир нече заводго ээлик кылат делген Акбарали Абдуллаев да бар болчу. Бирок анын тагдыры белгисиз.

Ошол эле 2013-жылдын ноябрында Гүлнара Каримова өзү интернеттеги Твиттер социалдык түйүнүндө Ферганадагы заводдордогу мыйзамсыз иштер энеси Татьяна Каримованын “калканчы” астында ишке ашырылганын жазып чыккан эле.

Алтымыштай адамды кескен сот жараяндар Гүлнара Каримованын ишкер өнөктөштөрү же ага караштуу компанияларда иштейт делгендердин үстүнөн жүргөн алгачкы эле сот эмес.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
Түз линк

Рустам Мадумаров
Рустам Мадумаров

Былтыр июлда Каримованын Гаяне Авакян, Рустам Мадумаров деген эң жакынкы өнөктөштөрү кесилгени кабарланган. Алты жылдан соттолгон Авакян менен Мадумаров да мыйзамсыз ишкердик кылган, салык төлөөдөн качкан, арам акчаны адалдаган, чет элдик валютаны сыртка ири көлөмдө мыйзамсыз алып чыккан деп айыпталышкан эле.

Гүлнаранын ишке сотко жетери арсар

Былтыр марттан тарта үй камагына алынып, ал эми сентябрда Башкы прокуратура кылмышка шектүү катары расмий жарыялаган Гүлнара Каримованын өзүнүн кылмыш иши сотко жетер-жетпеси азырынча анык эмес.

Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхомов “Азаттык” менен маегинде Гүлнаранын ишине айкындык марттын соңунда президенттик шайлоо өтүп, баары жөнгө салынгандан кийин кирерин болжолдоо менен буларга токтолду:

Uzbekistan: Alisher Ilkhomov, Uzbek political analyst based in Britain
Uzbekistan: Alisher Ilkhomov, Uzbek political analyst based in Britain

- Менин көз карашымда, иш сот алдына Гүлнара Каримова да келгендей кырдаалга жетпейт. Мен мындан абдан эле күмөн санап турам. Албетте сот жообуна аны курчаган, анын буйрук-көрсөтмөлөрүн, эркин аткарган адамдар тартылат. Балким Гүлнарага аны түрмөгө жеткирбей тургандай аз жаза берилет, балким мунапыс колдонулат. Бирок анын эркин аткаргандар садага чабылары анык.

Марттын соңундагы шайлоодо президент Ислам Каримов кайра шайланары күтүлүүдө. Шайлоонун артынан президент кызына байланышкан кылмыш иштер Өзбекстандын өзүндө аягына чыгарылышы же унуткарылышы мүмкүн. Бирок Батыштагы иштер кала берет.

Гүлнара Каримова былтыр мартта Швециянын TeliaSonera компаниясынын Өзбекстанда пара беришине байланышкан иште кылмышка шектүү деп аталган. Ал эми Швейцария өзбек президентинин кызын арам акчаны адалдоого катышы бар деп шектөөдө. Мындан улам Швейцарияда Өзбекстандын активи делген 900 миллион доллардай акча тоңдурулган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG