Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Улуттук банк базарга 35 млн. доллар чыгарды


13-январда Улуттук банк валюта базарына 35 млн. доллар интервенциялады. Бул жыл жаңыргандан берки эки жума аралыгындагы экинчи жолку интервенция деп билдирди Улуттук банктын акча-насыя саясаты башкармалыгынын башчысы Раушан Сейиткасымова. Анын айтымында, доллардын кымбатташы жалпы эле валюталарга карай АКШ доллары кунун бекемдеп жатканына байланыштуу. Ошондой эле ушул тапта доллар салттуу түрдө кымбаттоодо, жай мезгилинде кайрадан арзандоолор күтүлөт.

Раушан Сейиткасымова доллардын кымбаттап жатышына чайкоочулук чабуулдун тиешеси жок деп бекемдеди. Анын айтымында, баалар дүйнөлүк тенденцияга ылайык көтөрүлүүдө.

Улуттук банк акча базарына доллар чыгарганы менен баада анчейин өзгөрүү болгон жок. 13-январда кечинде акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 60 сом 50 тыйындан сатышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG