Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча беш компания ат салышып жатат


Бул тууралуу парламент жыйынында ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, тендердин 2-айлампасы 26-январда өтөт. Учурда Бишкек жана Ош шаарларына видео көзөмөл камераларын орнотууга ат салышып жаткан ишканаларды депутаттардан, эксперттерден турган атайын жумушчу топ тандап жатат.

“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча тендер 2014-жылдын август айында жарыяланган. Долбоор Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол жолуна видео көзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да коюлат. Эки жылдан бери ишке ашпай келаткан долбоорго болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек. (UЕz)

XS
SM
MD
LG