Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Ленинград блокадасынын катышуучуларына угуучу аппараттар берилет


14-январда Улуттук госпиталдын бейтапканасында Кыргыз-америка альянсы жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Биздин Жеӊиш” кыймылынын демилгеси менен Ленинград блокадасынын катышуучуларына бекер угуучу аппараттар берилет.

Алгач согуш ардагерлеринин сурдолог-врачтар тарабынан угуу жөндөмү текшерилип, анан угуусуна жардам берүүчү аппараттар таркатылат деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Өткөн жылдын аягында “Биздин Жеӊиш” кыймылы чет өлкөдө жашаган мекендештерге блокада катышуучуларына жардам берүүнү суранып кайрылган. "Алар ардагерлерге заманбап угуучу аппараттарды алып беришкен", - дейт Кыргыз-америка альянсынын жетекчиси Арстанбек Саргалдаев. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG