Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Миллиондогон качкын балдар кыш азабын тартууда


Бириккен улуттар уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Жакынкы Чыгышта миллиондогон балдар кыш чилдеде сыртта калганын билдирди. Женевада өткөн басма сөз жыйынында ЮНИСЕФтин өкүлү Кристоф Булиерак -11 градус суукта сыртта, үй-жайсыз жашап жаткан балдардын саны миллиондон ашканын айтты. Аталган уюм балдар жылуу кийим, жууркан-төшөк, тамак-аш жана каражатка муктаж экенин билдирүүдө.

Сирия, Ирак, Ливан, Йордания жана Түркияда 1,3 миллион качкын бала чатырларда жашап жатышат. Алардын 350 миӊи гана кышка даярдык көргөн. "Катуу шамал жана жамгыр айрым качкын лагерлерин талкалап жатат", - дейт Булиерак өз сөзүндө. (BCh)

XS
SM
MD
LG