Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Нарында жүздөн ашык адам митингге чыкты


Электр баасына нааразы болгон жарандар Нарын шаарындагы облустук драма театрдын алдында митинг өткөрүп жатышат. Алар өкмөттөн электр баасын мурдагы калыбында калтырууну, кышы катаал нарындыктарга жеңилдик берүүнү талап кылышууда. Учурда митингге чыккандарга энергетика министри Кубанычбек Турдубаев абалды түшүндүрүүгө аракет кылып жатат.

Нарындыктар буга чейин да бир нече ирет нааразылык акцияларына чыгышкан, бирок бийлик алардын талабы аткарылгыс экенин билдирген. Облустук бийлик болсо митингдерди элди козуткусу келген саясий күчтөр атайын уюштуруп жатканын айтып келет.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Кечээ жакында өкмөт бул тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатты. (UEz)

XS
SM
MD
LG