Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Бекмаматов: Жапаровдун китебиндеги фактылардын көбү мурда эле изилденген


Экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” аттуу китебинде келтирилген дооматтардын көбү мурда эле изилденген. Бул тууралуу “Азаттыкка” башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов билдирди. Анын айтымында, учурда башкы көзөмөл органы аталган китепте келтирилген фактылардын чын-бышыгын текшерип жатат.

- Азыр текшерүү иштери бүтө элек. Бирок көбү мурда эле текшерилген. Китепте айтылган дооматтарды карап чыгып, негиздүүлөрү боюнча чара көрөбүз, - деди Бекмамамтов.

Жапаров аталган китебинде президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар таасирдүү саясатчыларды коррупциялык иштерге айыптап, саясатта жүргөн он жыл ичиндеги көргөн-билгендерин жазган.

Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ага партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылып, 2012-жылы камалган. 2013-жылы мандатынан ажыраган. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG