Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Эки жашар баланы кордоого шектелген жаран кармалды


Учурда өлүм алдында жаткан эки жашар баланы сабады деген шек менен 47 жаштагы Аламүдүн районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат катчысы Эрнист Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектелген жаран баланын аталаш тууганы болгон жана сабаганын мойнуна алган.

- Учурда баланы сабоого шектелген жаран сурак берип жатат. Окуя болгонго чейин бала ошол кишинин колунда болгон, - деди Осмонбаев.

Милициянын маалыматында, баланын ата-энеси ажырашып кеткен. Бөбөк 1,5 айлык кезинен бери атасынын колунда болгон. Ал дааватка кетип, баланы аталаш тууганынын колуна таштап кетет.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда келип түшкөн. Учурда ал аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин улантып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча баланы ооруканага өзүн "атасымын" деп тааныштырган адам жеткирип, тепкичтен кулап кеткенин айткан жана ошону менен кайрылып келген эмес. (UEz)

XS
SM
MD
LG