Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

БШК Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин бүгүн карайт


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, БШК бүгүн түштөн кийин Урмат Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин карайт.

26-декабрда Аманбаевага козголгон иш тергелип бүтүп, сотко өткөндүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура аны депутаттык мандаттан ажыратууну БШКдан өтүнгөн.

Башкы прокуратура Урмат Аманбаеваны Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда эсепчи болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Аманбаева козголгон кылмыш ишинен улам саламаттыгы начарлаганын айтып, учурда ооруканада дарыланууда. Ал эми депутат менен бирге айыпталган Ош шаарындагы кургак учукка каршы борбордун мурдагы башкы дарыгери Акылбек Байсалов 11-декабрда табышмактуу жагдайда өз жанын кыйган эле. (UEz)

XS
SM
MD
LG