Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

Талас шаарында митинг өтүүдө


Талас шаардык стадионунда электр энергиясынын баасын арзандатууну талап кылгандар митингге чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын маалымат катчысы Максат Абысеитов билдирди. Анын айтымында, митингге 150гө жакын адам чогулган.

- Чогулгандар электрге болгон бааны арзандатууну талап кылып жатышат. Мындан сырткары төө буурчактын баасын көтөрүү, кен байлыктарды казууга мораторий жарыялоо сыяктуу маселелерди да көтөрүп жатышат, - деди Абысеитов.

Катышуучулардын бири Төрөхан Жунусбеков митингге миңге чукул адам катышып, негизги талап электрге болгон бааны арзандатуу болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, нааразылык акциясына Сапар Аргынбаев, Эрнис Карыбеков сыяктуу энергетиктер да катышып жатат.

Бүгүн электр баасына байланышкан ушундай эле митинг Нарында да өтүп жатат. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG