Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

"Ислам мамлекети" уюмунун видеосу текшерилип жатат


“Ислам мамлекети” уюму жарыялаган видеодо Орусиянын жарандары тартылганы тастыктала элек. Бул тууралуу Орусиянын Сириядагы элчилиги билдирди. Интернетке тараган тасмада өспүрүм баланын орусиялык тыңчылар делген эки кишини атып өлтүргөнү тартылган.

Ал экөө Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан “Ислам мамлекети" уюмуна кирүү үчүн Сирияга жөнөтүлгөнүн орус тилинде айтып беришкен. Бирөө Казакстандан экенин айткан.

Дамасктагы элчиликтин маалымат катчысы Олег Самочкин Интерфакс агенттигине билдиргендей, дипломаттар өлтүрүлгөндөр орус атайын кызматтардын мүчөлөрү болуп-болбогонун бышыктаган маалыматтарды чогултуп жатышат. Ал эми ФСБ видеону комментариялоодон баш тартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG