Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

АКШ Донецктеги автобуска ракетанын атылышын айыптады


Европа биримдиги жана АКШ Украинанын чыгышындагы зомбулукту айыпташты.

Донецктен жолго чыккан жүргүнчү ташыган автобуска ракета тийип, кеминде 11 киши мерт болду. Киев ракета жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан атылганын ырастоодо. Козголоңчулар болсо сокку үчүн жооптуу эместигин билдиришти.

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы мари Харфтын айтымында, автобусту аткылоо жана Донецктеги эл аралык аэропорттун айланасындагы кармаштын күчөшү орусиячыл жикчилдердин өздөрүнө алган милдеттенмелерди бузганын далилдеген акыркы гана фактылар.

Украин президенти Петр Порошенко автобустун аткыланышын “жүрөктүн үшүн алган” окуя катары айыптап, жикчилдер бейкүнөө төгүлгөн кан үчүн жооп бериши керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG