Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

Америкалык конгрессмен "Азадлыктын" кабарчысын бошотууга чакырды


АКШлык конгрессмен Азербайжан бийлигин журналист Хадижа Исмаилованы бошотууга чакырып, Эркин Европа/Азаттык радиосунун Бакудагы бюросунун жабылышын сындады.

"Исмаилованын өткөн айда камакка алынышы, андан кийин бюро кеңсесинин тинтилиши Азербайжан өкмөтүнүн эркин прессаны чектөөгө багытталган кадамдарынын бир гана бөлүгү", - деп айтылат республикачыл депутат Дана Рохрабахердин 12-январдагы билдирүүсүндө.

"Азаттыктын" азери кызматынын кабарчысы Исмаилова Азербайжандын президентинин үй-бүлөлүк бизнесинин сырларын ачкан журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөн жана уюшкан кылмыштуулук жана коррупция боюнча долбоордун автору.

Журналист декабрдын башында адамды өз жанын кыюуга жеткирген деген шек менен эки айга убактылуу кармоочу жайга отургузулган.

Исмаилованын колдоочулары бул иштин артында саясат турат деп ырасташат.

Буга чейин бир катар америкалык расмий өкүлдөр Азербайжандагы активисттер менен эркин маалымат каражаттарынын куугунтукталышына камтамасын билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG