Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

Стамбулдагы жардыруу боюнча дагестандык эки киши айыпталууда


Түрк маалымат каражаттары Стамбулда өткөн жумада болгон жардырууга байланыштуу теги дагестандык эки киши суракка тартылганын жазышууда.

Маалыматтарга караганда, алар жана шектүү дагы үч адам 13-январда кармалган. Үч киши сурактан кийин кое берилген. Калган үчөө, анын ичинде дагестандыктар террордук уюмга көмөктөшүү үчүн күнөөлөнүп жатат. Алар кое берилип, Түркиядан чыкпоо көрсөтмөсү берилди.

6-январда жан кечти аял Стамбулда полициянын бөлүмүндө бомба жардырганда бир полициячы мерт кетип, экинчиси жарадар болгон.

Түркиянын ички иштер министри Эфкан Ала жанкечтинин тек жайы аныкталганын айтып, бирок атын атоодон баш тартты.

Түркиялык гезиттердин айрымдары жанкечти орусиянын жараны Диана Рамазова болчу деп кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG