Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Латвиянын соту Кобзондун апелляциялык арызын четке какты


Латвиянын Конституциялык соту орусиялык ырчы Иосиф Кобзондун апелляциялык арызын кароодон баш тартты. Орусияда бийликтеги партиянын депутаты Кобзонго Латвияга кирүүгө тыюу салынган. Соттун басма сөз катчысы Лига Паулиня кабарчыларга билдиргенине караганда, ырчы анын укуктары бузулганын далилдей албагандыктан, арызы четке кагылды.

Өткөн июлда Латвия бийлиги Кобзон менен кошо дагы эки популярдуу ырчы Олег Газманов жана Валерияны өлкөгө кирүүгө тыюу салган “кара тизмеге” кошкон. Үчөө тең Украинанын чыгышындагы жикчилдерге жана Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына колдоосун билдиришкен. Алар Украинада да “персона нон грата” деп жарыяланган.

Тыюудан улам артисттер былтыр жайында Юрмаладагы салттуу ыр фестивалине катыша алган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG