Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Италиянын президенти кызматынан кетти


Италиянын президенти, 89 жаштагы Жоржо Наполитано мөөнөтүнөн эрте кызматтан кетип жатканын жарыялады. Өткөн жумада президент улгайган жашы ага толук кандуу иштөөгө жол бербей жатканын айткан. Эки жыл мурун парламент жаңы президенттин талапкерлиги боюнча мунасага кела албай койгондо Наполитано дагы 7 жылга шайланууга айласыздан көнгөн. Ошондо эле ал мөөнөтүнүн аягына чейин кызматта турбасын эскерткен.

Премьер-министр Маттео Ренци саясий партиялар менен президенттин талапкерлиги боюнча тезирээк макулдашууну кааларын билдирди.

XS
SM
MD
LG