Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Франция Перси булуңуна аскердик кеме жөнөттү


Франциянын президенти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун Ирактагы согушкерлерине каршы аскердик операцияны күчтөндүрүү үчүн учак ташуучу кеме жөнөтүлөөрүн билдирди. Франсуа Олланд 14-январда Шарль де Голль кемесинде туруп сүйлөгөн сөзүндө франциялык аскерлер мурдагыдай эле АКШ баштаган коалиция менен тыгыз кызматташуусун улантаарын айтты.

Франция эң башынан эле эл аралык коалицияга кошулуп, согушкерлердин Ирак жана Сириядагы турумдарына сокку уруп келатат.

Өткөн жумда 17 кишинин өмүрүн кыйган теракттардан кийин Олланд региондогу кырдаал кеменин жөнөтүлүшүн актайт деди.

Мониторинг топторунун маалыматтарына караганда, "Ислам мамлекети" уюмунун катарында Батыштын миңдеген жарандары согушуп жүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 16-январда Парижде Олланд менен өткөн жумадагы теракттардан кийинки абалды талкууламакчы.

XS
SM
MD
LG