Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Бүгүн сот Марат Мамбеталиевдин баш коргоо чарасын карайт


“Кыргызтелеком” ишканасынын мурдагы президенти Марат Мамбеталиев жана аны менен кошо кылмышка шектелген эки киши 13-январда кармалып, камакка алынышкан. Бүгүн алардын мындан аркы баш коргоо чарасы сот аркылуу чечилет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Кыргызтелекомдун” мурунку жетекчиси Марат Мамбеталиевге 2009-2010-жылдары “Ош-Эркеч-Там” оптико-волокондук байланыш жолун курууда алдамчылык менен ири суммадагы акча мыйзамсыз чыгарылган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам мамлекетке 50 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген. Ал кезде “Кыргызтелеком” ишканасын Марат Мамбеталиев жетектеп турган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG