Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Бишкек-Ош жолунда убактылуу чектөө киргизилди


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жолдун 128-129-чакырымында бурганактан улам автотыгын пайда болгон. Учурда Төө-Ашууга жакын жерде 300дөн ашык автоунаа жолун уланта албай турат.

Азыркы убакта жолдогу кыймылды жөңгө салуу боюнча Жол-кайгуул кызматынын үч инспектору иштеп жатат. Жолду кардан тазалоо иштерине 15 жолчу тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түндө жааган карга байланыштуу бийик тоолуу райондордо кар көчкү жүрөрүн эскертип, күн ачылганга чейин сапарга чыкпай турууну өтүнүүдө. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG