Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Парламентте Жапаровдун китеби боюнча комиссия түзүү сунушталды


Бүгүн парламент жыйынында бир катар депутаттар Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебиндеги фактыларды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунушташты. Эл өкүлдөрү Башкы прокуратура аталган китепте жазылган коррупциялык схемалар, Кумтөр маселеси жана Түркияга чыгарылып кетти делген үч тонна алтын боюнча маалымат берсин деп талап кылышты.

Кечээ башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов “Азаттыкка” берген маегинде аталган китептеги фактылардын көбү мурда эле изилденгенин билдирген.

Жапаров аталган китебинде президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар таасирдүү саясатчыларды коррупциялык иштерге айыптап, саясатта жүргөн он жыл ичиндеги көргөн-билгендерин жазган.

Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ага партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылып, 2012-жылы камалган. 2013-жылы мандатынан ажыраган. (UEz)

XS
SM
MD
LG