Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:05

Нарында 1-февралда электр баасына каршы дагы акция өтөт


Бул тууралуу нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири Бактыгүл Жумабаева билдирди. Анын айтымында, кечээ нааразылыкка чыккандар өкмөттүн компенсация төлөп берүү сунушуна макул эмес жана митингдер февралда уланат.

- Бизге өкмөт 62 тыйындан компенсация төлөп беребиз деп жатат. Бирок биз макул эмеспиз. Элдин талабы мурдагы тарифти калтыруу, болбосо Нарын элине кыш чыккыча электр баасын арзандатышы керек, -деди Жумабаева.

Кечээ электр баасына нааразы жүзгө жакын адам митингге чогулуп, кийин энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин катышуусунда элдик жыйын өткөрүлгөн. Жыйындан соң Бактыгүл Жумабаева “Апрел баатыры” деген күбөлүгүн өрттөп, өкмөттүн тариф саясатына каршылыгын билдирген.

Электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөө каралган. Кечээ жакында өкмөт бул тарифти президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатты. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG