Башкы прокуратура экс-депутат Садыр Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде жазылгандар боюнча 21-январда маалымат берет. Бул тууралуу ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, башкы көзөмөл орган китептеги маалыматтардын чын-бышыгын аныктап, күнөөлүүлөрдү жазага тартышы керек, эгер фактылар тастыкталбаса Жапаровдун өзүн жоопко тартуу маселеси көтөрүлөт.
Учурда Варшавада жүргөн экс-депутат Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар таасирдүү саясатчыларды коррупциялык иштерге айыптап, саясатта жүргөн он жыл ичиндеги көргөн-билгендерин жазган.
Садыр Жапаров 2006-жылы түзүлгөн “Ата Журт” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Ага партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен бирге мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып тагылып, 2012-жылы камалган. 2013-жылы мандатынан ажыраган. (UEz)