Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:53

Баткенде барымтадан аман калган аскачы Эл Капитанды багындырды


Томми Калдуэл менен Кевин Жоргсон Эл Капитан аскасынын башына чыгышты
Томми Калдуэл менен Кевин Жоргсон Эл Капитан аскасынын башына чыгышты

Кыргызстанда барымтадан аман чыккан Томми Калдуэл шериги менен дүйнөдөгү эң татаал аскалардын бирине чыкты. Калдуэл Кевин Жоргсон менен тарыхта биринчи болуп 900 метр келген АКШнын Калифорния штатындагы Эл Капитан тик аскасынын чокусуна чыгышты.

Көпчүлүк альпинисттер Йосемайт Улуттук паркындагы бул аскага атайын жабдыктарсыз чыгуу мүмкүн эмес деп эсептеп келишкен. Калдуэл Кевин Жоргсон экөө аркан менен байланып алып, бирок башка эч кандай жабдыктарсыз 19 саат дегенде Эл Капитанды багындырышты. Орто жолдо экөө көп жолу жыгылып, жараат алышты.

Томми Калдуел 1999-жылы Баткендеги исламчылардын кол салуусунда барымтага түшүп чыккан. Ал барымтадан өзүн кайтарган согушкерди жардан түртүп жиберип кутулуп чыккан. Айрым маалыматтарда ал согушкер да тирүү калгандыгы айтылган. jch

XS
SM
MD
LG