Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:47

Наристени сабады деп шектелгендин аялы да камалды


Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматкери Эрнист Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, Чүйдүн Озерное айылынын 47 жаштагы тургунунун аялы да эки жаштагы баланы сабаган деген шек менен тергөө абагына камалды.

Учурда өлүм алдында жаткан ымыркайдын өмүрүн сактап калуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө тапшырма берип, бул окуяны өз көзөмөлүнө алган.

11-январда борбордогу №3 балдар ооруканасына көгала болуп сабалган жана зордукталган бала оор абалда келип түшкөн. Учурда ал аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүндө комада жатат. Милиция атайылап ден соолукка залал келтирүү, зордуктоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. (UEz)

XS
SM
MD
LG