Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Өзбекстан: Каримов менен Кетмонов кармашат


Өзбек президенти Ислам Каримов жана Өзбекстандын Элдик Демократиялык партиясынын Борбордук Кеңешинин төрагасы Хатамжан Кетмонов.
Өзбек президенти Ислам Каримов жана Өзбекстандын Элдик Демократиялык партиясынын Борбордук Кеңешинин төрагасы Хатамжан Кетмонов.

Өзбек президенти Ислам Каримовдун талапкерлиги бүгүн өзүнүн Либералдык Демократиялык партиясынын жана Ишкерлер кыймылынын биргелешкен жыйынында көрсөтүлдү.

Өлкөдө президенттик шайлоо 29-мартка белгиленген.

Ушул эле күнү Өзбекстандын Элдик Демократиялык партиясы өзүнүн Борбордук Кеңешинин төрагасы Хатамжан Кетмоновду президенттикке көрсөттү.

Парламенттеги партиялардын бири да Каримовго каршы эмес жана сынчылардын айтымында, шайлоолордо Каримовго атаандаштар адатта атаандаштык бар деген пикир жаратуу үчүн гана талапкер болушат.

77 жашка чыгып жаткан Каримов 2007-жылы кайра шайланганда эл аралык байкоочулар добуш берүү демократиялык талаптарга жооп бербегенин, реалдуу оппозиция болбогон катуу кайтаруудагы саясий кырдаалда өткөндүгүн билдиришкен.

Өзбекстанды Каримов 25 жылдан бери башкарып келе жатат.

XS
SM
MD
LG