Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Лукашенко: Батыш менен мамилени жакшыртабыз


Орус президенти Владимир Путин жана беларус президенти Александр Лукашенко. 23-декабрь, 2014-жыл.
Орус президенти Владимир Путин жана беларус президенти Александр Лукашенко. 23-декабрь, 2014-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусияга "Батыш менен алаканы оңдоону пландап жатам" деп эскертүү берди.

Парламентте бүгүн сүйлөгөн сөзүндө Лукашенко анын өлкөсү Европа Биримдиги жана АКШ менен алакасын туруктуу жана максаттуу өнүктүрөрү, буга Орусия бут тоспошу керектигин билдирди.

«Орусия өзү Батыш менен элдешүү үчүн зор аракеттерди көрүп жатат, биз буга эч нерсе деген жокпуз. Демек биздин аракетибизге да бут тосулбашы керек»,- деди ал беларус парламентинде сүйлөгөн сөзүндө.

Ошол эле убакта Лукашенко Орусиянын ордун Батыш эч качан толтура албастыгын, анын өлкөсү «эч качан саткынчы болбогондугун» кошумчалады.

XS
SM
MD
LG