Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:29

Мырзакматов КСДП лидеринин айткандарын четке какты


Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Улуттар биримдиги” партиясы КСДП партиясына жакындаганга, чогуу иштешкенге аракет кылган деген билдирүүсүн жокко чыгарды.

Мырзакматов "Азаттыкка" комментарий берип жатып, муну “бийликтин кезектеги жалган жалаасы” деп атады. Ошондой эле Турсунбековду айткандарын далилдеп берүүгө чакырды.

Бүгүн Мырзакматов интернеттен видео кайрылуу жасап, өзүнө тагылган айыпты саясий куугунтук деп баалады жана бийликтеги КСДП партиясын коррупция боюнча айыптады. Буга байланыштуу Турсунбеков комментарий берип жатып, Мырзакматов бийлик, анын ичинде КСДП партиясы менен жакындашууга бир канча жолу аракет кылган деп айтып чыкты. (EBM)

XS
SM
MD
LG