Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

"Азаттыктын” кабарчысы поэзия сыйлыгын утту


Зайырбек Ажыматов
Зайырбек Ажыматов

Акын Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата “Поэзия муундарды бириктирет” деген республикалык адабий сынакта “Азаттыктын” кабарчысы Зайырбек Ажыматов “Жолон калеминин мураскери” аттуу гран-прини утуп алды. Зайырбек Ажыматов бул сыйлыкка “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр китеби менен татыды.

Мындан тышкары сынакта "Эң мыкты поэтикалык китеп", "Поэтикалык жаңычыл үн", "Канаттуу саптар" , "Бир жолку стипендия" номинациялары боюнча дагы 12 жаш акын сыйланды.

Адабий сынакты Жолон Мамытов атындагы фонд менен Кыргызстан жазуучулар союзу биргеликте өткөрдү.

Зайырбек Ажыматов «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар» аттуу поэтикалык жыйнактардын автору. Ал 2005-жылы «Алыкулдун ак боз ат» поэзия фестивалынын лауреаты болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG