Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Өкмөт балдарга жасалган зомбулук маселесин талкуулайт


Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында балдарга карата жасалган зомбулук фактылары боюнча жыйын болот. Анда тиешелүү жетекчилердин маалыматтары угулуп, мындан ары балдарды түрдүү зомбулуктардан коргоо чаралары талкууланат.

14-январда президент Алмазбек Атамбаев балдарды коргоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу тууралуу өкмөткө тапшырма берген. Өлкө башчысынын мындай билдирүүсүнө аёосуз токмоктолуп, ооруканага түшкөн эки жашар наристе түрткү болгон.

“Балдарды коргоо лигасы” өткөн жылы Кыргызстанда балдар зомбулукка кабылган 31 учур катталганын маалымдады, анын ичинен 24ү сексуалдык мүнөздө.

ИИМ болсо 2014-жылы өлкө боюнча балдарга карата колдонулган зордук-зомбулуктардын саны 900гө жеткенин билдирүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG