Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Бишкекте Кыргызстандын экономикалык абалы талкууланат


Тегерек столдо Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон кийинки өлкөнүн экономикасы, ишкерлердин абалы, айыл чарба жана башка тармактардын келечеги ортого салынмакчы. Анда экспортту да көбөйтүп, ички керектөөнү да канааттандыруу үчүн айыл чарба тармагын кантип өзгөртүү, тигүү өнөр жайынын келечеги, Евразия экономикалык аймагын Кыргызстан кандай өндүрүш менен багындыра алат деген сыяктуу суроолорго жооп изделет.

Алдын ала маалымдалгандай, иш-чарага Экономика министри Темир Сариев, Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев, айыл чарба министринин орун басары катышып, маалымат беришет. Ошондой эле ишкерлер, экономисттер жана эксперттер катышары күтүлүүдө.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине май айынан тарта толук кандуу мүчө боло алат. Көз карандысыз экономисттер негизинен импортко жашап жаткан өлкө үчүн бул кадам оор болорун айтып келишет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG