Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Дыйканбаев: кумсалар тууралуу мыйзамга Европарламент таасир эте албайт


Кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзамдын кабыл алынышына Европа парламенти таасир эте албайт. Мындай пикирин аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган мыйзам февраль айында Жогорку Кеңешке 2-окууга киргизилет.

- Европада мындан да күчтүү мыйзамдар иштеп жатат. Биз бул мыйзам долбоорун Европарламенттин каршылыгына карабай, добушка коебуз. Анткени биз улуттук кызыкчылыкты коргоп жатабыз, - деди Дыйканбаев.

Европа парламенти 15-январда өткөн жыйынында Кыргызстандагы кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алды. Европарламент аталган мыйзам боюнча терең кабатырлануусун билдирип, мыйзамды кабыл албоого чакырган.

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган бул мыйзам долбооруна эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар адам укуктарын чектейт деп каршылык билдирип келишет. Аталган мыйзам кабыл алынып калса, салттуу эмес жыныстагылардын мамилесин даңазалагандарды алты айдан бир жылга чейинки абак жазасы күтөт. Аларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жактаган журналисттер да жазага тартылат. Мыйзам ошондой эле кумсалар бирикме түзүп, укугун коргошуна тыюу салат. (UEz)

XS
SM
MD
LG