Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Шериктештик кубогунун оюндары бүгүн башталат


Бүгүн, 16-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча эл аралык Шериктештик кубогунун оюндары башталат. Кыргызстандын футбол федерациясынан маалымдашкандай ага Европанын жана Азиянын 12 өлкөсүнүн 21 жашка чейинки улуттук футбол курамалары катышат.

Турнир Кыргызстан менен Молдова курамаларынын беттеши менен башталат. Оюндар 25-январга чейин уланмакчы. Тайпалык тандоо оюндары 20-январда аяктайт. Чейрек финалдык беттештер 21-январга белгиленсе, финалдык таймаш 25-январда болот. Тайпалык тандоо мелдешинде Кыргызстан В тайпасына бөлүнүп, Молдова, Латвия жана Орусия курамалары менен ойнойт.

Кыргыз футболчулары 18-январда Латвия курамасы менен ойношсо (15:00), 19-январда Орусия футболчулары менен (22:00) беттешет.
Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун жетекчилигинде Кыргызстандын жаштар курамасына 20 футболчу кирген. Анын ичинен эки дарбазачы, 18 талаа оюнчусу. (Ech)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG