Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:00

Армения: полиция менен кагылышта 14 адам жараат алды


Ереванда нааразылыкка чыккандар. 15-январь, 2015-жыл.

Ереванда нааразылыкка чыккандар. 15-январь, 2015-жыл.

Армениянын Гүмри шаарында милиция менен демонстранттар кагылышында 14 адам жараат алды, онго жакыны кармалды.

Бейшембиде Еревандагы Орусиянын элчилиги, аскерий базасынын алдында жүздөгөн адамдар алты адамдан турган армян үй-бүлөсүн өлтүрдү деп шектелген орус аскери Валерий Пермяковду өткөрүп берүүнү талап кылып чыгышкан эле. Кылмышты моюнуна алган Пермяков Гүмридеги Орусияга караштуу аскерий базада кармалууда. Анын ишин орус тергөө органдары тергеп жатат.

Буга нааразы болгондор нааразылык акциясына чыгып, полиция менен кагышкан. Гүмридеги Орусиянын консулдугунун жанындагы кагылыш өткөн түнү таңга чейин уланды. Демонстранттар Пермяковду Орусияга алып чыгып кетти деп шектенишүүдө. Жаалданган топту демонстранттардын арасынан бир киши аскер базага кирип, Пермяковду өз көзү менен көрүп чыккан соң гана тынчытууга мүмкүн болду.

Ага чейин өлкөнүн башкы прокурору Геворг Костанян айыпталып жаткан аскерди жоопко тартуу үчүн Арменияга өткөрүп берүү талабы менен Орусия тарапка кайрыларын убада кылган.

12-январда Армениянын түндүгүндө бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн сөөгү өз үйүндө табылган. Алардын арасында эки жаштагы бала да бар. Ал эми алты айлык ымыркай оор абалда ооруканага жеткирилген. Үйдөн Валерий Пермяковго таандык бут кийим табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG